Мазмунга өтүү
batele

Купуялык саясаты

Жаңыртылды: 2026-ж., 7-октябрь

Бул жерде Batele кандай маалыматтарды алат, алар эмне үчүн керек, аларды кимге беребиз жана кантип өчүрсө болот — ошол тууралуу. Саясат batele.kg сайтына, app.batele.kg кабинетине, телефон жана компьютер үчүн Batele тиркемелерине, Batele'де жасаган сайттарыңа жана Batele'ни ChatGPT, Claude жана башка ЖИ-тиркемелерге кошууга тиешелүү.

Маалыматтардын оператору — Batele. Маалыматтарды Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына ылайык иштетебиз. Batele'ни колдонуу менен сен ушул саясатка жана колдонуу шарттарына макул болосуң.

1Кандай маалыматтарды алабыз

  • Кантип киресиң. Почта жана сырсөз, Google, Apple же Telegram аккаунту же телефон номери. Сырсөздү кайра ачылбаган хэш түрүндө гана сактайбыз — аны биз да окуй албайбыз. Google жана Apple аркылуу алардагы аккаунтуңдун номерин жана почтаңды алабыз (Apple анын ордуна каттарды жөнөтүп туруучу дарек бериши мүмкүн), Telegram аркылуу — аккаунттун номерин, атыңды жана @username. Google, Apple жана Telegram сырсөздөрү бизге келбейт. Кирүү коддору катта (10 мүнөт жарактуу) же SMSте (5 мүнөт) келет.
  • Эмне жазып, эмне жүктөйсүң. Суроолор жана оңдоолор, сүрөттөр, тексттер, баалар, ишиңдин дареги жана байланыштары — ЖИ сайтты ошолордон чогултат. Сайттын ар бир версиясын кайра кайтара алышың үчүн сактайбыз.
  • Тариф жана төлөмдөр. Буйрутмалар, суммалар, тарифтин мөөнөтү, кредит чыгымдары жана банктагы төлөмдүн номери. Картанын жана банк эсебинин маалыматтары бизге келбейт: төлөм ELQR аркылуу банктын тиркемесинде өтөт.
  • Техникалык маалыматтар. IP-дарек, браузер жана суроолордун убактысы — кирүүнү коддорду тандап табуудан, сайттарды спамдан коргоо жана каталарды табуу үчүн. Сервердин журналдарында телефон номери жашырылган, суроолордун тексттери жазылбайт.
  • Кошулган тиркемелер. Кайсы ЖИ-тиркемени коштуң (аты жана дареги), качан коштуң жана ал Batele'ге акыркы жолу качан кайрылды.
  • Instagram — эгер туташтырсаң. Кесиптик аккаунтуңдун аты, сүрөттөмөсү, сайты, аватары, жазылуучулар жана посттор саны, акыркы 24 посттун жазуулары жана шилтемелери. Уруксатың менен — акыркы 12 посттогу сүрөттөрдүн көчүрмөлөрү. Facebook аркылуу туташтырсаң — Facebook аккаунтуңдун номерин жана Instagram байланган баракчаны: Instagram'ды табуу үчүн гана. Кирүү токенин шифрленген түрдө сактайбыз. Instagram жана Facebook сырсөздөрүн көрбөйбүз: кирүү — Meta сайтында.
  • Колдоо кызматы менен кат алышуу — эгер бизге жазсаң.

2Сайттарыңа келгендердин маалыматтары

Batele'де жасалган сайттарда өтүнмө формалары жана ЖИ-бот болот. Келген адам аларга атын, телефонун, билдирүүсүн өзү жазат. Бул өтүнмөлөрдү жана бот менен болгон кат алышууну сен үчүн сактайбыз: кабинетте көрсөтөбүз жана Telegram'ды көрсөткөн болсоң, ошол жакка жөнөтөбүз. Келген адамдын IP-дарегин спамды токтотуу үчүн гана, кайра ачылбаган хэш түрүндө сактайбыз.

Бул маалыматтар үчүн сайттын ээси жооп берет, ал эми Batele аларды анын тапшырмасы боюнча иштетет. Өтүнмө чогултсаң, сайтыңа келгендерге алардын байланыштары эмне үчүн керек экенин айт.

3Маалыматтар эмне үчүн керек

  • сен кире алышың үчүн жана аккаунтуңа башка эч ким кирбеши үчүн;
  • сайттарыңды чогултуу, сактоо, көрсөтүү жана жарыялоо үчүн;
  • кредиттерди жана тарифти эсептөө, төлөм кабыл алуу жана өтүнмөлөрдү жөнөтүү үчүн;
  • колдоо кызматында сага жооп берүү үчүн;
  • каталарды таап, Batele'ни жакшыртуу үчүн.

Маалыматтарды сатпайбыз жана жарнама көрсөтпөйбүз. Колдонуучуларыбыздын тексттерин, сүрөттөрүн жана сайттарын ЖИ моделдерин үйрөтүүгө колдонбойбуз.

4Сайттарды чогулткан ЖИ

Сайтты чогултууну же оңдоону сураганыңда суроонун тексти, сүрөттөр жана сайттын учурдагы версиясы ЖИ кызматына жөнөтүлөт, ал жаңы сайтты кайтарат. Азыр бул Google'дун Gemini'и, кийин Anthropic'тин Claude'у болушу мүмкүн. Телефон номери, почта жана төлөм маалыматтары ЖИге жөнөтүлбөйт.

Бул кызматтар менен жөнөтүлгөн маалыматтар алардын моделдерин үйрөтүүгө колдонулбаган шарттарда иштейбиз. ЖИ кызматтарынын серверлери Кыргызстандан тышкары — АКШда жана башка өлкөлөрдө. Batele'ни колдонуу менен сен ушундай берүүгө макул болосуң.

ЖИ жаңылышы мүмкүн: жарыялоодон мурун сайтты текшерип чык.

5ChatGPT, Claude жана башка ЖИ-тиркемелер

Batele'ни ЖИ-жардамчыга кошуп, сайттарды түз эле чатта жасаса болот — муну кантип жасоону «Batele ChatGPT жана Claude'до» барагында айтып беребиз.

  • Тиркеме Batele кабинетинде сен өзүң «Уруксат берүү» баскычын баскандан кийин гана кире алат. Бул экранда кайсы тиркеме жана кайсы даректен уруксат сурап жатканы көрүнөт.
  • Кошулган тиркеме долбоорлоруңду, превьюларды жана кредит балансыңды көрөт, долбоорлорду жасап жана өзгөртө алат, ал эми жарыялоону — сен сураганда гана. Телефон номери, төлөм жана долбоорлорду өчүрүү ага жеткиликсиз.
  • ChatGPT, Claude же башка тиркеменин чатына жазганыңды тиркеменин өзү өзүнүн купуялык саясатына ылайык иштетет (OpenAI, Anthropic жана башкалар). Batele тиркеме Batele'ге берген нерсени гана алат: сайттын сыпаттамасын, оңдоолорду, жарыялоо дарегин.
  • Тиркемени каалаган убакта ажыратса болот: кабинетте — «Жөндөөлөр» → «Кошулган тиркемелер». Кирүү мүмкүнчүлүгү ошол замат жоголот. Тиркемелердин кирүү ачкычтарын хэш түрүндө гана сактайбыз.

6Маалыматтарды кимге беребиз

  • SMS-шлюзга — телефон номерин жана кирүү кодун.
  • Resend кат кызматына — катталганда же сырсөздү алмаштырганда почта дареги жана код.
  • Google (Firebase Authentication) жана Apple'ге — алар аркылуу кирсең: алар кирүүнү ырастап, бизге аккаунттун номерин жана почтаны беришет. Алардын серверлери Кыргызстандан тышкары.
  • Telegram'га — ал аркылуу кирсең: ал кирүүнү ырастап, бизге аккаунттун номерин, атыңды жана @username берет. Анын серверлери Кыргызстандан тышкары.
  • Банкка жана ELQR кызматына — буйрутманын номерин жана сумманы.
  • ЖИ кызматына — сайтты чогултууга керектүүсүн (жогоруда айтылгандай).
  • Telegram'га — Telegram'ды өзүң көрсөткөн болсоң, сайттарыңдагы өтүнмөлөрдү.
  • Meta (Instagram) — Instagram'ды туташтырсаң: кирүүнү ырастап, бизге аккаунтуңдун профилин жана постторун берет. Сенин Instagram'ыңа эч нерсе жарыялабайбыз жана жеке билдирүүлөрдү окубайбыз.
  • Хостингге — база, сүрөттөр жана сайттардын файлдары жаткан Кыргызстандагы серверлер жана сактагыч.
  • Мамлекеттик органдарга — мыйзам талап кылса гана.

Алардын ар бири өз ишине керектүүсүн гана алат. Мындан башка эч кимге маалымат бербейбиз.

7Баарына эмне көрүнөт

Жарыяланган сайт интернетте өз дареги боюнча баарына ачык — андагы бардык тексттер, сүрөттөр жана байланыштар менен. Көрсөтүүгө даяр нерсеңди гана жарыяла. Жарыялоого чейинки превью жашыруун шилтеме менен гана ачылат.

8Cookie жана браузердин эси

  • batele_session — кабинетке кирүү, 30 күн;
  • batele_theme — ачык же караңгы тема, batele.kg жана app.batele.kg үчүн жалпы;
  • NEXT_LOCALE — сайттын тили, 1 жыл.

Кабинет браузерде дагы майда нерселерди эстеп калат, мисалы, жыйылган менюну. Бизде жарнамалык жана бөтөн cookie жок. Келүүлөрдүн статистикасын күйгүзсөк, ал batele.kg'ден, бөтөн эсептегичтерсиз иштейт жана сени жеке тааныбайт.

9Канча убакыт сактайбыз

  • аккаунт жана долбоорлор — Batele'ни колдонуп жүргөнүңчө;
  • өчүрүлгөн долбоор — версиялары, өтүнмөлөрү, боту жана файлдары менен кошо ошол замат өчөт;
  • төлөмдөр жана кредит чыгымдары тууралуу жазуулар — бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзам талап кылганча;
  • сервердин журналдары — каталарды табууга жана кыянаттыктан коргонууга керектүү убакыттан ашык эмес;
  • SMS-код — 5 мүнөт, каттагы код — 10 мүнөт, тиркемени кошуу суроосу — 15 мүнөт;
  • Instagram маалыматтары — туташып турганда; профилде ажыратсаң, Instagram жөндөөлөрүндө Batele тиркемесин өчүрсөң же Meta'дан маалыматтарды өчүрүүнү сурансаң — дароо өчүрөбүз: токен, профиль, жазуулар жана сүрөттөрдүн көчүрмөлөрү.

10Сенин укуктарың

Сен:

  • биздеги өзүң тууралуу маалыматтарды билип, алардын көчүрмөсүн ала аласың;
  • аларды оңдоп же өчүрө аласың — долбоор кабинетте өчүрүлөт, ал эми бүт аккаунт — кат аркылуу;
  • макулдугуңду кайтарып ала аласың: аккаунтту өчүрүп, тиркемелерди же Instagram'ды ажыратып, посттордогу сүрөттөрдү алууга тыюу салып.

privacy@batele.kg дарегине жазып, катта аккаунттун номерин көрсөт. Аккаунт сеники экенин каттагы же SMSтеги код же Google, Apple же Telegram аркылуу кирүү менен ырастап, 30 күндүн ичинде жооп беребиз. Укуктарың бузулуп жатат деп ойлосоң, жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик органга даттана аласың.

11Маалыматтарды кантип коргойбуз

  • Batele менен байланыш — HTTPS аркылуу гана;
  • сырсөздөрдү кайра ачылбаган хэш түрүндө гана сактайбыз (туз кошулган scrypt);
  • тиркемелердин кирүү ачкычтары хэш түрүндө гана сакталат, Instagram токендери — шифрленген түрдө (AES-256-GCM);
  • журналдарда телефон номерлери жана суроолордун тексттери жок;
  • серверлерге иши үчүн керек болгондор гана кире алат.

12Балдар

Batele чоңдор жана алардын иши үчүн жасалган. 16 жашка чейинки балдардын маалыматтарын атайын чогултпайбыз. Бала аккаунт ачып алды деп ойлосоң, бизге жаз — өчүрөбүз.

13Өзгөртүүлөр

Саясатты өзгөртсөк, барактын башындагы датаны жаңыртабыз. Маанилүү өзгөртүүлөр тууралуу кабинетте алдын ала эскертебиз.

14Биз менен байланыш

Batele. Маалыматтар боюнча суроолор жана өчүрүү өтүнүчтөрү — privacy@batele.kg.